03:51
USD 84.68
EUR 103.38
RUB 1.15

Баткенде эки ай мурда жоголгон Аймактым Кожонованын сөөгү үйүнүн жанынан табылды

Баткенде эки ай мурда жоголгон Аймактым Кожонованын сөөгү үйүнүн жанынан табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдиришти.

Маалыматка караганда, сөөктү балдар ойноп жүрүп тикендердин арасынан көрүп калышкан.

Аймактым Кожонова 23-ноябрда кечинде үйдөн чыккан бойдон дайынсыз жоголгон.

Ал эки күн мурда Баткен шаардык ички иштер башкармалыгында күйөөсү менен бирге суракка барган. Милиция Аймактым Кожоновага бойго жете элек кызын күйөөгө бергени үчүн кылмыш ишин козгогон.

Эң көп окулган жаңылыктар