12:35
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Актөбөдө эки күн мурун жоголгон төрт жашар баланын сөөгү табылды

28-декбарда Актөбө шаарында дайынсыз жоголгон төрт жаштагы Данил Ахуновдун сөөгү бүгүн, 30-декбарь күнү эртең менен табылды. Полициянын маалыматына караганда, бала шаршемби күнү балдар үйүнүн алдында жоголгон.

Аны издөө иштерине Улуттук гвардия тартылып, ыктыярчылар да жардам беришкен.

«Издөө иш-чараларынын жыйынтыгында жоголгон баланын сөөгү табылды. Анын денесинде зомбулуктун белгилери болгон. Кылмышты жасоого шектелген киши кармалды жана убактылуу тергөө абагына киргизилди», — деди Актөбө облустук полиция департаметинин башчысынын орун басары Галым Байжанов.

«Жаш баланы өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Жергиликтүү активисттердин маалыматына караганда, Данил апасыз чоңойгон. Апасы ата-энелик укугунан ажыратылган. Жергиликтүү ыктыярчылар бүгүн бала убактылуу жашап жаткан «Үмүт» балдар үйүнө гүл жана оюнчуктарды алып барууда.

Эң көп окулган жаңылыктар