05:23
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкекте Түркия уурдап кеткен Орхон Инанды колдоо митинги өтөт

Бишкекте Түркия уурдап кеткен «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхон Инанды колдоо митинги өтөт. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Маалыматка караганда, митинг 8-июль күнү кечки 18.00дө Эркиндик сейил багында башталып, Өкмөт үйүнүн алдында улантылат.

Эскерте кетсек, Орхон Инанды 31-майда жолугушууга барарын айтып үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес. Ошол эле күнү анын уунасы үйүнөн алыс эмес жерден табылган. Ал 1995-жылдан бери Кыргызстанда иштейт. 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган.

Белгилей кетсек, Түркия бийлиги Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин мугалимдерин террордук уюмдун мүчөсү катары таанып, кайтарып берүүнү талап кылган.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Орхон Инандынын жоголушу тууралуу Садыр Жапаров Реджеп Эрдогандан сураганын, ал Инанды боюнча маалыматы жоктугун, ФЕТОчулар боюнча уккусу келбегенин айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар