02:41
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

COVID-19. Вирустун жаңы штаммын киргизбөө үчүн чек арада санитардык иштер күчөдү

Вирустун жаңы штаммына бөгөт коюу үчүн чек арада санитардык иштер күчөтүлдү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Айтымында, коронавирустун жаңы штаммдары Англия, Австралия жана башка мамлекеттерде чыгып жатканы белгилүү.

«Ошондой эле, мутация болгон вирустардын табылып жаткандыгы жөнүндө маалыматтар бар. Россияда 1,5 миңге жакын мутация болгон учурлары табылгандыгы аныкталып, изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат. Жаңы мутация болгон вирустарды өлкөгө киргизбөө аракети көрүлүүдө. Айта кетсек, чек арада, өтмөктөрдө санитардык-карантиндик пункттардын иши күчөтүлүп: дене табы өлчөнүп, анкета толтурулуп маалымат алынууда. Мындан сырткары, жаңы алгоритм иштелип чыккан. Ага ылайык, биздин өлкөгө келген жарандарда, жарандыгына карабастан ПЦР изилдөөнүн терс жыйынтыгы тууралуу маалымкат болушу шарт», — деди Үсөнбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума