20:25
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Түркмөнстанда аскердик тик учак кулап, үч чек арачы каза болду

Өткөн бейшемби күнү Түркмөнстандын Иран менен чектешкен Ак-Бугдай районунун аймагында аскердик тик учак кулап түшүп, үч түркмөн чек арачысы мерт болду.

Күбөлөрдүн айтымында, чек ара аймактарын айланып учуп жүргөн тик учак тумандан улам жогорку вольттуу электр зымдарынын мамысына урунуп, ичиндеги үч чек арачы дароо көз жумган. Азырынча алар тууралуу кеңири маалымат жок.

Италиянын өндүрүшүндөгү Agusta AW109 тик учагы кайсыл чек ара заставасына таандык экенин аныктоого да мүмкүн боло элек.

Айрым маалыматтар боюнча 14-январь күнү кырсык болгон жерге өлкөнүн коргоо министри Бегенч Гундогдыев барып келген.

Эң көп окулган жаңылыктар