23:06
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Түркмөнстан орус вакцинасы менен жапырт эмдөөнү баштайт

Түркмөнстанда элди коронавируска каршы жапырт эмдөө иштери башталат. Өз аймагында «COVID-19» бар экенин четке кагып келаткан бул өлкө жыл башынан бери Орусиянын өндүрүшүндөгү дароо эки вакцинаны каттоодон өткөргөн.

Өлкө бийлиги Орусиянын «Sputnik V» вакцинасын колдонуу менен жапырт эмдөөнү 15-февралда баштайт деп күтүлүүдө. Буга чейин милдеттүү түрдө эмделиши керек болгон жарандардын тизмеси түзүлгөнү, алардын негизги бөлүгүн улгайгандар, медиктер жана өнөкөт оорулары бар жарандар түзөрү кабарланган.

18-январда Түркмөнстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп Орусиянын коронавируска каршы «Sputnik V» вакцинасын каттоодон өткөргөн. Он күндөн кийин дүйнөдө биринчи болуп «ЭпиВакКорона» деп аталган дагы бир орус вакцинасын каттаган.

Өткөн ишемби күнү Ашхабадга Орусиядан 350 килограмм «Sputnik V» вакцинасы жеткирилген.

Түркмөнстан аймагында коронавирус жуктурган бир да бейтап расмий каттала элек дүйнөдөгү онго жакын өлкөнүн бири. Ошол эле маалда расмий Ашхабад илдеттин жайылуусунун алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирип келет.

Эң көп окулган жаңылыктар