20:13
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Түркмөн лидери Гурбангулы Бердымухамедов каза болду. Бирок, расмий маалымат жок

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов 20-июнда каза болду. Бул тууралуу россиялык ЖМК жазып чыкты. 

Маалыматта анын бөйрөк оорусунан көз жумганы айтылат. 

Бирок, маалыматты Түркмөнстандын россиядагы элчилиги чет какты. 

«Бул карандай калп. Биз бул маалыматты четке кагабыз», - деп билдирген элчиликтин өкүлү.

62 жаштагы түркмөн лидери Гурбангулы Бердымухамедовдун өлгөнү тууралуу маалыматты алгач орусиялык басылмалар жазып чыгышты. 

Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилиги да Бердымухамедовдун өлгөнүн төгүндөдү.

Гурбангулы Бердымухамедов 2006-жылы Сапармурад Ниязов өлгөн соң бийликке келген. Өлкөдө диктатура орногон, Бердымухамедовдун жеке башына сыйынуу күчөгөн. Анын «Аркадаг» башкача айтканда коргоочу деген титулу бар.

Июнда ал 62 жашка толгон. Бул сапар майрам мурдагыдан өзгөчөлөнгөн. Имам жана министрлер Бердымухамедовдун ден соолугу үчүн дуба кылышкан. Акыркы айларда ал өтө ооруп жатканы тууралуу кабар тараган.

Бердымухамедов мураскору катары 37 жаштагы уулу Сердар Бердымухамедовду таптай баштаган. Өткөн айда ал Ахал облусунун акими болуп дайындалган.

21-июлда «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы преиденттин апасы Огулабат Бердымухамедованын илдети күчөп, он күндөн бери Германияда дарыланып жатканын кабарлады.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума