12:11
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Норвегияда Pfizer вакцинасы менен эмделген 23 киши көз жумду

Норвегияда коронавирустан коргогон Американын Pfizer жана Германиянын BioNTech вакцинасын алган 23 киши көз жумганын РИА Новости жазды.

Каза болгондор 80 жаштан жогорку иммунитети начар адамдар болгон.

«Бул учурларга бөтөнчө тынчсыздануунун кереги жок. Кеп ден соолугу начар, улгайган бейтаптар тууралуу болуп жатат», — деп жазган чет элдик телеканалдар.

Норвегиянын Улуттук саламаттыкты сактоо институту мындай окуяларды алдын алуу үчүн карыган бейтаптарды эмдөө боюнча сунуштарга өзгөртүү киргизген.

Декабрь айынын башында америкалык Pfizer жана германиялык BioNTech компаниялары биргелешип чыгарган вакцина COVID-19 илдетине каршы АКШда жана Европа өлкөлөрүндө колдонула баштаган.

Эске салсак, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн алгачкы талапкер катары өлкөгө АКШнын Pfizer вакцинасы сунушталганын билдирген. Бирок Кыргызстанда аны −70 градус муздакта сактоого шарт жок экени айтылып, мамлекет Россиянын вакцинасын дагы карап көрөрү кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар