Садыр Жапаров укук коргоо органдарына кайрылып, анын атынан бизнесмендерден акча доолап жаткандарды камакка алууга чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазды.
Анын айтымында, белгисиз жарандар өзүн Садыр Жапаровдун өкүл баласы, жардамчысы, кеңешчиси катары тааныштырып, акча талап кылууда.
«Ар кайсы жерлерге барып, опузалоо менен пара талап кылып, бизнесин сурап жаткандар боюнча маалыматтар келип жатат. Урматтуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери! Мейли ким болбосун, пара талап кылган болсо, мыйзамсыз иштерди кылса, бир тууганым болсо дагы дароо камакка алгыла. Мындан ары мыйзамсыз, адилетсиз иштерге жол берилбейт», — дейт ал.
Белгилей кетсек, 9-январь күнү УКМК Мелис Аспеков жана Улан Жураев аттуу жарандарды кармашкан. Мелис Аспеков октябрь айында Садыр Жапаровду коштоп жүрүп, кийин өзүн анын Чүй боюнча штабынын жетекчиси катары жарыялаган.