08:50
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Экс-вице-мэр Мирлан Амантуров эки айга камалды

Бишкек шаарынын коррупцияга шектелип кармалган мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуровдун бөгөт чарасы аныкталды. Бул тууралуу 5-январда Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Мекеменин маалыматына караганда, Амантуров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында 28-февралга чейин камакта болот.

Атайын кызматтын 30-декабрдагы маалыматына караганда, ал мэрия менен «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын ортосундагы коррупциялык схемага тиешеси бар деп шек саналууда.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы ал өзүнө караштуу ишкана аркылуу шаардын жолдорун оңдоо жана куруу иштери боюнча мамлекеттик сатып алууда жемкорлукка барган деп эсептейт.

Атайын кызмат билдиргендей, 2015-2019-жылдары Амантуров менен байланышы бар компанияларга 100 миллион сомдон ашык суммага муниципалдык буюртмалар берилип турган жана ошол акчанын бир бөлүгүн ал өзүнө алып жүргөн. Ошондуктан, УКМК белгилегендей, мэрия каржылоону өз убагында жүргүзгөнүнө карабастан жумуш толук аткарылбай келген.

Амантуров өзү же анын жактоочулары бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Ал 2007-жылдан бери «Бишкекасфальтсервис» ишканасын жетектеп келген жана 2019-жылы мэриянын турак жай, коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэри болуп дайындалган.

Эң көп окулган жаңылыктар