07:45
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Мушкер Дастан Шаршеев «Газпром» спорт комплексинин жетекчисине орун басар болду

Борбор калаадагы «Газпром — балдар үчүн» ден соолукту чыңдоочу спорт комплексине жетекчи жана орун басар дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Спорт комплексинин жетекчиси болуп Ишенбек Дүйшеев дайындалса, орун басары спортчу Дастан Шаршеев болду. Ал буга чейин мэрдин милдетин аткарган Балбак Түлөбаевдин жардамчысы эле.

Эми шаар башчысынын убактылуу жетекчисине Максимилиан Погиба жардамдашат.

Тиешелүү жарлыктарга Балбак Түлөбаев кол койгон.

Эң көп окулган жаңылыктар