08:41
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

COVID-19. Бир суткада 122 кишиден вирус аныкталып, бирөө каза тапты

Бир суткада 122 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 43, Чүй облусу — 39, Ош облусу — 7, Нарын облусу — 2, Ысык-Көл облусу — 25, Жалал-Абад облусу — 3, Баткен облусу — 3 кишиден вирус табылды.

Бишкекте бир бейтап каза болду.

Март айынан бери 81 миң 156 киши вируска чалдыгын, 1 миң 356 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар