11:36
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.22

Бишкектик оор атлетчилер Кыргызстан Кубогунда 17 медаль жеңишти

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында оор атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын Кубогу аяктады.

Мелдешти Кыргыз Республикасынын оор атлетика федерациясы уюштурду.

Турнирге өлкөнүн күчтүү оор атлетчилери катышты. Мелдешке оор атлетика боюнча ОРАБӨМдөн 31 спортчу катышып, жогорку даярдык деңгээлин жана мыкты жыйынтыктарын көрсөтүштү.

Жыйынтыгында ОРАБӨМдүн спортчулары 17 медаль: 8 алтын, 2 күмүш жана 7 коло медаль жеңип алышты.

Алтын медаль ээлери:

• Чолпонбаева Бегимай;

• Жеңишбек Жамиля;

• Шокиржанов Фарух;

• Каимова Жайкал;

• Жеңишбек уулу Нургазы;

• Курманбек кызы Айдай;

• Мамбетказиева Саида;

• Иманалиев Дастан.

Күмүш медаль ээлери:

• Нурланбек уулу Нурчолпон;

• Мийназаров Муканбет.

Коло медаль ээлери:

• Шайлообаева Акылай;

• Байгачева Анисия;

• Байгабылов Азамат;

• Жолдошкулов Айтегин;

• Назарбаев Азамат;

• Шакенов Илгиз;

• Бегалы уулу Жумалы.

Эң көп окулган жаңылыктар