3—7-июнь күндөрү Бишкек шаарында Түрк кино күндөрү маданий иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чара Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Кинематография департаментинин, Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилигинин жана «Жергиликтүү пикир» ассоциациясынын колдоосу менен уюштурулууда.
Он жылдан бери Түркия менен Кыргызстандын ортосунда маданий жана көркөм көпүрө болуп келе жаткан бул иш-чара кыргыз көрүүчүлөрүнө түрк кинематографиясынын мыкты чыгармаларын тартуулайт. Фестиваль түрк дүйнөсүнүн жалпы маданий мурасын даңазалоо менен катар, кино искусствосу аркылуу эки өлкөнүн достук мамилесин жана маданий кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө багытталган.
«Түрк кино күндөрүнүн» алкагында беш күн бою бардык кино көрсөтүүлөр көрүүчүлөр үчүн акысыз уюштурулат. Ошондой эле программада университеттик жолугушуулар, белгилүү режиссерлор жана продюсерлер менен чыгармачылык талкуулар, маданий экскурсиялар жана киноиндустриядагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган кесиптик иш-чаралар каралган.
Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи 2026-жылдын 3-июнунда Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» кинотеатрында өтөт. Ачылышка Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин Кино боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Бирол Гювен катышат. Ачылыш күнү көрүүчүлөргө «Mutluyuz Mu» тасмасы сунушталат.
Мындан тышкары, фестивалдын алкагында «Mutluyuz Mu» тасмасынын башкы актеру Ибрагим Бюйюкака, продюсери Хасан Корай Шахин жана сценарист-режиссеру Мурад Эмре Каман көрүүчүлөр менен жолугушат. Ошондой эле салтанаттуу ачылышка «Bak Postacı Geliyor» тасмасынын башкы актрисасы Дениз Барут жана режиссер Юксел Аксуу катышары күтүлүүдө.

