04:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

COVID-19. Казакстан россиялык «Спутник V» вакцинасын жасай баштады

Казакстанда коронавирус инфекциясына каршы россиялык «Спутник V» вакцинасын жасай башташты. Бул тууралу өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Карагандадагы фармацевтикалык комплексине барып, Казакстан менен Россиянын ортосундагы келишимдин алкагында «Спутник V» вакцинасын жасай баштагыла деген буйругун берди.

«Комплекстин базасында этап этабы менен вакцинанын 2 миллион дозасы жасалат», — деп билдиришти басма сөз кызматкерлери.

Премьер-министрдин айтымында, Казакстанда жалпы эмдөө 2021-жылдын февраль айында башталмакчы.

Буга чейин Казакстан президенти Касым-Жомарт Россия менен биргеликте вакцина чыгарылаарын маалымдаган.

Эң көп окулган жаңылыктар