18:07
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өлкөнүн 70 мыкты студенти президенттик стипендияга татыктуу болду

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон буйрукка ылайык, 2019-2020 — окуу жылынын жыйынтыгы менен жогорку окуу жайлардын 70 мыкты студенти президенттик стипендияга татыктуу болду.

Маалыматка ылайык, өзгөчөлөнгөн студенттерди сыйлоо үчүн президентке караштуу Билим берүү фондунан 3 миллион 500 миң сом бөлүнгөн, студенттердин ар бирине 50 миң сомдон берилет.

Күндүзгү билим берүү формасындагы жогорку окуу жайлардын мыкты студенттеринин (курсанттарынын) тизмеси Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен түзүлгөн жана Билим берүү боюнча комиссия тарабынан жактырылган президенттик стипендия алууга сунушталган талапкерлердин документтерин кароо боюнча жумушчу топ тарабынан бекитилген.

Эң көп окулган жаңылыктар