18:52
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны делимитациялоо иштерин активдештирмей болду

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен отуруму болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам иши солгундап калган өкмөттүк делегациялардын жумушун жандандыруу зарылдыгы боюнча толук өз ара түшүнүшүүнү билдиришти.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кеңири пикир алмашуу жүрүп, анын ичинде мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясынын өтүшүн сүрөттөө боюнча топографиялык жумушчу топтордун мындан аркы иштери, ошондой эле чек ара аймактарында жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү, тараптар топографиялык жумушчу топтордун эки тараптуу сүйлөшүүлөрүн жандандыруу жана калган тилкелерде долбоордук линияны сүрөттөө боюнча ишти улантуу боюнча макулдашууга жетишишти.

Жолугушуунун соңунда жыйындын жыйынтыктоочу Протоколуна кол коюлуп, ошондой эле кийинки жолугушууну Өзбекстандын аймагында өткөрүү макулдашылды.

Эң көп окулган жаңылыктар