18:52
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажикстан, Түркмөнстан дин тутуу эркиндигин бузган өлкөлөрдүн катарына кирди

Кошмо Штаттар Тажикстан менен Түркмөнстанды дин тутуу эркиндигин системалуу түрдө чектен аша бузган өлкөлөрдүн тизмесине киргизди.

АКШнын Мамлекеттик департаменти дин тутуу эркиндигине кысым көрсөтүү менен өзгөчө тынчсызданууну жараткан өлкөлөр катары Бирма, Кытай, Эритрея, Иран, Нигерия, Түндүк Корея, Пакистан, Сауд Арабиясы, Тажикстан жана Түркмөнстанды белгилеген.

Ошол эле маалда Судан менен Өзбекстан бул тизмеден чыгарылып, аталган өлкөлөрдүн өкмөттөрү соңку жылдары бул багытта конкреттүү прогресстерге жетишкени айтылат.

«Алар өткүрлүк менен мыйзамдарын жана тажрыйбаларын жаңылап, башка өлкөлөргө өрнөк боло алышат », — деп билдирди Помпео.

Документте Кошмо Штаттар дүйнө жүзүндө диний себептерден улам куугунтуктоого чекит коюуунун үстүндө иштөөнү улантары айтылган. АКШ ар бир адам кай жерде, кандай убакта болбосун өз абийиринин негизинде жашоого укуктуу деп эсептейт.

Эң көп окулган жаңылыктар