21:59
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

ТИМ: АКШнын Кыргызстандагы элчиси өлкөнүн ички ишине аралашууда

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу өлкөнүн ички ишине аралашууда. Бул тууралуу Twitter тармагына Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарыялады.

Белгилей кетсек, Дональд Лу журналисттердин «Умтулуу» сыйлыгын ыйгарууда Кыргызстандагы окуяларга баа берип өттү. Ал негизинен Райымбек Матраимовго байланыштуу кылмыш ишине токтолгон.

Тышкы иштер министрлиги АКШ элчиси өлкөнүн ички ишине кийлигишип жатканын белгилейт.

«Өлкөнүн ички ишине кийлигишпөө эл аралык мамиленин башкы принциби. Ал кандай максат болсо дагы бузулбашы керек», — дейт ТИМ.

Эң көп окулган жаңылыктар