20:37
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19. Чет өлкөлүк жарандардын аба майданы аркылуу келүүсүнө уруксат берилди

2020-жылдын 4-декабрында, өкмөт «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аба майдандарынын өткөрмө бекеттери аркылуу келген чет мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды өлкөгө кабыл алууну жандандыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар өлкөгө үзгүлтүксүз аба каттамдары менен келе алышат.

Тышкы иштер министрлиги, COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча алгоритмдерге ылайык, чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар учуп бара жаткан учактын бортуна, акыркы 72 саат (3 күн) ичинде жүргүзүлгөн ПЦР изилдөөсүнүн терс натыйжаларын көрсөткөндөн кийин киргизилерин эскертет.

Келгенден кийин санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлери (СКП), борттогу жүргүнчүлөрдүн ПЦР изилдөөсүнүн жыйынтыгын жана дене табын текшеришет.

Эгерде, учуунун узактыгына же учуунун кечигишине байланыштуу объективдүү себептерден улам ПЦР изилдөөнүн (72 саат) мөөнөтү аяктаса, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар келген жеринде ПЦР изилдөөдөн өтүшү керек.

Эң көп окулган жаңылыктар