06:03
USD 87.10
EUR 99.05
RUB 1.07

Аба-ырайы. Апта ичинде өлкө аймактарында суук болот

Кыргызгидромет борбору билдирүүсүндө, 30-ноябрда абанын температурасы баардык аймактарда −3 градустан 18 градуска чейин төмөндөйт.

Чүй, Талас облустарында 30-ноябрда жана 1-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-декабрда түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

3-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

30-ноябрда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

4-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында 30-ноябрда жана 1-3-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 30-ноябрда жаан-чачын болбойт.

1-декабрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо кар жаайт.

30-ноябрда кээ бир райондордо туман түшөт.

4-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

Ысык-Көл облусунда 30-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын болбойт.

Нарын облусунда 2-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо кар жаайт.

4-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар