16:48
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өзбекстанда 2021-жылдын июнуна чейин калктын 60% коронавируска каршы эмделет

Өзбекстанда 2021-жылдын июнь айына карата калктын 60% ашыгын коронавируска каршы эмдөө пландалууда. Бул тууралуу өлкөнүн Санитардык-эпидемиологиялык агенттигинин директорунун орун басары Ботиржон Курбанов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө эмдөөнү уюштуруу боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

«Азыр биз дүйнөдө ким алгачкылардан болуп вакцинасын каттайт, ким сата баштайт деп күтүп жатабыз. Вакцина аларыбыз менен эмдөө иштерин баштайбыз», — деди Курбанов.

Буга чейин Өзбекстандын инновациялык өнүгүү министри Иброхим Абдурахманов өлкө Кытайдын, Орусиянын, Европанын жана АКШнын вакциналарын сыноодон өткөрүүнү көздөп жатканын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар