03:10
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Казакстан коронавирус менен күрөшүү үчүн гумжардам жөнөтөт

Казакстан коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга гумжардам жөнөтөт. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн премьер-министринин сайтында жарыяланган.

Маалыматка ылайык, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын 400 мобилдик комплекти жана Казакстандын ишканаларынан чыккан эки миллион бет кап жиберилмекчи.

Билдирүүдө гуманитардык жардам боюнча мындай чечим кыргыз тараптын расмий түрдө кайрылуусунан кийин кабыл алынганы белгиленген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума