USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Өзбек бийлиги Гүлнара Каримованын абалы тууралуу кептерди четке какты

10:04, 13 ноября 2020, Бишкек - 24.kg

Өзбекстан ИИМинин укук бузуулардын алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Умида Абдуллаева аялдар түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан Гүлнара Каримованын саламаттыгы начарлап кеткени жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

Октябрда Гүлнара Каримованын кызы Иман Каримова “Инстаграмдагы” баракчасына апасынын абалы начарлап кеткенин жана ал түрмөнүн медицина бөлүмүндө пневмония диагнозу менен дарыланып жатканын жазган.

ИИМдин өкүлү Гүлнара Каримованын түрмөдө өз жанын кыйганы тууралуу кептерди да четке какты.

«Өзүн-өзү өлтүрүү же башка терс окуялар жөнүндөгү сөздөр негизсиз. Гүлнара Каримова сот белгилеген жазасын өтөп жатат», - деди Умида Абдуллаева.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика