Дөөлөт Сыдыков «Манас» эпосун узак убакытка айткан иш-чарасын баштады. Ал Гиннесстин рекорддор китебине кирүү максатын алдына койду.
Борбордук «Ала-Тоо» аянтында Манастын эстелигинин жанына бийиктиги беш метр айнектен жасалган боз үй (атайын жай) курулган. Манасчы Сыдыков ошол үйдүн ичинде отуруп токтобой, эс албай, тамактанбай, суу ичпей 12 саат бою манас айтмакчы.
Манас айтуунун алдында Дөөлөт Сыдыковдун салмагы жана кан басымы текшерилди.