Чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү Камчыбек Ташиев жетектейт. Бул тууралуу өкмөт башчысы Садыр Жапаров Баткенге иш сапары учурунда билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстан, Тажикстан менен чек арага байланышкан маселелер боюнча сүйлөшүү жүрөрүн белгилеп, сүйлөшүүлөрдү Кыргызстан тараптан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеген комиссия жүргүзөрүн билдирди.
Садыр Жапаров Мамлекеттик чек ара кызматы УКМКнын карамагына өтөрүн дагы белгиледи.