02:54
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кытайга акчаны мыйзамсыз алып чыгып кетип бара жаткан адам кармалды

Кытайга ири өлчөмдөгү акчаны мыйзамсыз алып чыгып кетип бара жаткан адам кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун аймагында ыкчам-иликтөө иш аракетин жүргүзүп, атайын схема менен товар үчүн төлөм делген мыйзамсыз акча каражатын Кытайга алып бараткан факт аныкталганын маалымдады.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, бул кылмыштуу топтун салыктан качкан мыйзамсыз аракети өлкө казынасына 1 миллиард сомдон ашык зыян келтирген. Бул фактыга шектүү катары 29-октябрда Бишкек шаарынын бир тургуну кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал 30-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө абагына камакка алынды.

Учурда Финполиция мыйзамсыз акча ташыган схемага байланыштуу башка жарандарды аныктоо иштерин жүргүзүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума