21:46
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Садыр Жапаров: Олуттуу кадрдык реформаларды жүргүзүү зарыл

Бүгүн президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кадр кызматынын директору мамлекеттик кызматтагы кадрларды тандоо жана аларды жайгаштырууга байланыштуу көйгөйлөр тууралуу маалымат берди. Болжол менен 1 мин 200 кызмат ордуна сынакты кыйгап өтүү аркылуу дайындалуу жүрүп, бул коррупция үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө.

«Эгемендүүлүктүн 30 жылы аралыгында өлкө кадрдык башаламандыкка малынып, кызмат орундарга адистер кесипкөйлүк талаптарга ылайык эмес, тууганчылык жана партиялык квота принциби боюнча дайындалып келген. Сынактык тандоолор айрым учурларда жабык эшик артында өтүп, экономист кызматына гуманитардык билим алган жактар дайындалып калган учурлар кездешет», — деди Садыр Жапаров.

Айтымында, мамлекеттик башкаруу тутумун тазалоо үчүн өкмөттө комиссия түзүлгөн, ага ылайык, мамлекеттик кызматка таза профессионалдардын агымын алып келүү үчүн негиз даярдалат. Ар бир мамлекеттик органда тармактын кесипкөйлөрүнөн, ардагерлеринен жана көзкарандысыз эксперттерден турган атайы комиссия түзүлүшү керек жана алар коомчулуктун көзөмөлү астында ведомствонун бардык кызматкерлерин ээлеген кызмат ордуна дал келүүсү боюнча тандоо жүргүзүүсү абзел.

Маматалиевге кадрдык реформа боюнча конкреттүү иш-чаралардын долбоорун иштеп чыгууну, ошондой эле мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу планын сунуштоо тапшырмасы берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар