15:48
USD 84.80
EUR 98.20
RUB 1.19

Өмүрбек Текебаев: Президенттикке өтүүгө менин мүмкүнчүлүгүм төмөн

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого катышарын али чече элек. Бул тууралуу NewTV телеканалына берген маегинде билдирди.

Ал алдыдагы шайлоодо жеңишке жетерине ынанбай турганын белгиледи.

«Менин жеке баамымда шансым аз. Шанс аз болгондон кийин жөн эле көрүнүп коеюн деп эле катыша тургандай мен жаш саясатчы эмесмин. Ошон үчүн ачык айта албайм. Бирок, катышпай калышым мүмкүн», — деди Өмүрбек Текебаев.

Эң көп окулган жаңылыктар