Шайиста Шатманова ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, тийешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.
Анын ордуна телеканалда режиссер болуп эмгектенген Эрлан Догдурбеков дайындалды.
Эске салсак, Шайиста Шатманова кызматка 19-октябрь күнү дайындалган. Ал эми жамаат ага каршы болуп, 26-октябрда нааразычылык акциясына чыгышкан.