03:35
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өзбекстандын чыгышында мейманканадагы француз желегин айрып кетишти

28-октябрда Намангандын борборундагы Grand Sherdor мейманканасынын алдында Макронго нааразылык иретинде француз желегин айрып кетишти. Бул тууралуу намангандык активисттердин бири «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, сүрөт тиркеди. Бир нече сааттан кийин ал айрылган желек тууралуу билдирүүсүн өчүрүп таштады.

Наманган облусунун акимчилиги, Өзбекстандын ички жана тышкы иштер министрликтери чет өлкөнүн символикасын мазактоо учуру жөнүндө түшүндүрмө берген жок.

Grand Sherdor мейманканасы «желек алмаштырылганын» гана айтып, башка маалымат берген жок.

Туристтик сүрөттөрдөн мейманкананын алдында Өзбекстан, Түштүк Корея, Түркия, АКШ, Улуу Британия, Орусия жана Франциянын желектери илинип турганын көрүүгө болот.

16-октябрда Париждин жака-белинде 47 жаштагы тарых жана география мугалими Самюэл Пати өлтүрүлгөн. Француз бийлиги аны Абдулла аттуу 18 жаштагы чечен качкын өлтүргөнүн билдирген. Андан бир нече күн мурда мугалим сабакта сөз эркиндиги туралуу кеп кылып, класстагы окуучуларга Charlie Hebdo журналы жасаган Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар