21:32
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өзбекстанда активисттерди куугунтуктоо уланууда

Өзбекстанда активисттер өлкөдө жарандык коомдун өкүлдөрүнө кысым көрсөтүү уланып жатканын маалымдашты.

Саясий активист жана блогер Алексей Гаршин соцтармактар аркылуу видеокайрылуу жасап, өзүнө карата ачык эле аңдуу жүрүп жатканын билдирди. Буга чейин Гаршин Өзбекстанда көз карандысыз саясий партия түзүүнү демилгелеген. Активисттин айтымында, белгисиз кишилер аны жеңил автоунаа менен дайыма аңдып жүрүшөт.

«Бул мамлекет менин жеке жашоомду, кол тийбестигимди коргошу керек эле. Бул мамлекеттик машина биздин салыктын эсебинен күн көрүп, репрессия менен алектенүүдө», — деген Алексей Гаршин.

Башка бир активист, 59 жаштагы Махмуд Давронов президенттик шайлоо учурунда тышкы дүйнө менен байланышсыз калганын билдирди. Ал Мирзиёевдин өкмөтүн сынга алып, октябрда өткөн президенттик шайлоого бойкот жарыялоого үндөгөн. Анын айтымында, шайлоо алында анын мобилдик байланышы үзгүлтүккө учураган. Үйүндө жарык жана интернет өчүрүлгөн. Муну менен бирге коммуналдык карызы бар деген шылтоо менен чет өлкөгө чыгууга тыюу салынган.

— Бизди жаңы шайланган президентибиз өлкөдө демокртиялык кайра жаралуу ишке ашып жатканын айтууда. Чын-чынына келгенде муну сырты жалтырак кагазга оролгон, ичи чирип кеткен момпосуй менен салыштырса болот, — деди Давронов.

Өткөн аптада эл аралык Human Rights Watch уюму адам укуктарын бузууну токтотуп, конструктивдүү реформаларга өтүү талабы менен Европа биримдигин Борбор Азия өкмөттөрүнө кысым көрсөтүүгө чакырган.

Октябрь айында Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп, Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөткө шайланган.

Эң көп окулган жаңылыктар