19:28
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өзбекстанда жыл аягына чейин аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө $70 доллардан берилет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Калктын аз камсыз болгон бөлүгүн колдоо жана социалдык коргоону күчөтүү тууралуу» токтомго кол койду. Бул тууралуу президенттик администрацияга жакын «Нигох» Telegram-каналы кабарлады.

Документке ылайык, быйыл декабрда төмөнкү категориядагы үй-бүлөлөр 800 миң сум (73 доллар) өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам алышат:

  • 2021-жылдын ичинде «Темир дептердеги» тизмеге кошулган үй-бүлөлөр;
  • 18 жашка чыга эле баласы бар жана багуучусун жоготкону үчүн пенсия же жөлөк пул алып жаткан үй-бүлөлөр;
  • 18 жашка чыга элек майып балдары бар жана жөлөк пул алып жаткан үй-бүлөлөр.
Эң көп окулган жаңылыктар