09:18
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Билим берүү министрлиги мектептерди экинчи чейректен баштап ачууну суранды

Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев мектептерди экинчи чейректен баштап ачууну суранды. Бул тууралуу ал бүгүн өкмөттүн жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, сунуш Республикалык штабка жөнөтүлдү.

«Мектепте тамактанууга бөлүнгөн акча Финансы министрлигинин карамагында турат. Ошол акчаны мектептерге залалсыздандыруу каражаттарын сатып алууга жумшоону суранабыз», — дейт ал.

Коронавируска байланыштуу 1-класстар гана мектепте окуп, калгандар аралыктан окууну улантууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар