00:11
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында мектептерде кыргыз класстары көбөйтүлөт

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында мектептерде кыргыз класстары көбөйтүлөт. Бул маалыматты билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева түз эфирде суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттин принципиалдуу багыттарынын бири — кыргыз тилин өнүктүрүү. Андыктан мектептерде кыргыз тил класстары көбөйүп, көпчүлүк бала бакчалар мамлекеттик тилде иш алып барат.

«Германияга, Америкага миллиондогон мигранттар барат. Тажрыйба алмашуу багытында иш сапарга барганыбызда мигрант ата-энелер алгач тилди үйрөнүп алып, анан мектеп, бала бакчаларга балдарын жайгаштырып жаткандыгын айтышат. Бул деген кайсыл жерде жашасаң, ошол жердин тилин биринчи орунга коюуу болуп саналат. Кийинки жылдан баштап мектептер кыргыз тилинде санариптик жат жазууга өтөт. Бул үчүнчү класстан жогорку окуучуларга багытталган. Мугалимдерди кабыл алууда да санариптик жат жазуу технологиясы колдонулат», — деп белгиледи министр.

Мындан тышкары, өлкөдө жайгашкан бир тилдүү окуу жайларга да кыргыз тили киргизилет. Министр Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети дагы кыргыз, орус тилдерин бирдей алып кетүүчү багытты колго ала тургандыгын билдирди. Бул боюнча ректор жана тийиштүү жетекчилер менен сүйлөшүлгөн деп кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар