13:03
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Айжан Чыныбаева Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды

Бишкек мэриясында кайтадан кадрдык дайындоолор башталды.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев тийешелүү буйруктарга кол койду.

Ошентип, Нариман Түлеев биринчи вице-мэр кызматынан бошотулуп, анын ордуна Алмаз Бакетаев дайындалды.

Социалдык маселелер боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева бекитилди.

Ал 1978-жылы Бишкекте туулган. Борбор Азиядагы Америкалык университетин «Бизнес башкаруу» адистиги боюнча аяктап, Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынан «мамлекеттик башкаруу жана укук» адистиги боюнча магистратураны бүтүргөн.

Коомдук ишмер, ресторан жана жеке өсүү боюнча машыктыруучу. Парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясынын курамында катышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар