15:00
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мэриянын алдында дагы митинг чогулду

Бишкек мэриясынын алдында кайтадан митинг өтүүдө. 70ке жакын адам чогулуп, кечээ бошотулган вице-мэрлерди кызмат орундарына кайтарып келүүнү талап кылууда.

Алардын алдына мэрдин милдетин аткаруусы Балбак Түлөбаев чыкты. Ооруп жаткан адамды кызматынан бошотуу мыйзамдуубу деген суроого ал «жок» деп жооп берди.

Митингчилер «Вице-мэрлерди кайтаргыла! Алар иштесин!» деген жазуулары бар транспоранттарын көтөрүп алган.

Эске салсак, кечээ мэрдин милдетин аткаруучу Виктория Мозгачева менен Алымбек Абдылдаевди вице-мэрлик кызматынан бошоткон.

Виктория Мозгачеванын айтымында, мэрдин милдетин аткаруучу аларды өзүнө чакырып, «вице-мэрлердин орду керек болуп жатат, кызматыңардан кеткиле» деп айткан имиш.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума