Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Элвира Сурабалдиева вице-премьер-министрликке көрсөтүлдү. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине парламент депутаты Айнура Алтыбаева ырастады.
Анын айтымында, бүгүн парламенттин конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитети Элвира Сурабалдиеваны вице-премьер-министрликке талапкерлигин колдоду. Андан сырткары, Аида Исмаилованын талапкерлиги социалдык өнүгүү министрлигине бекитилди.
Аида Исмаилова буга чейин вице-премьер-министрликти кызматты жетектеген. Ал эми социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров кечээ отставкага кетти.
Элвира Сурабалдиева дагы кечээ мандатын тапшырды.