18:49
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Вице-премьер менен социалдык өнүктүрүү министри кызматтарынан кетишти

Вице-премьер Аида Исмаилова менен эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров ээлеген ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эки аткаминер кызматтан кетүү боюнча өз ыктыяры менен арыз жазышкан. Алардын өтүнүчүн президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кабыл алып, жумуштан бошотуу жарлыгына кол койгон.

Эске салсак, Аида Исмаилова өкмөттүн социалдык тармагына жооптуу вице-премьер болуп 2-апрелинде дайындалган. Ал эми Улукбек Кочкоров министрлик кызматка 2018-жылдын 25-октябрында киришкен. Экөө тең парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясынын катарында катышкан

Эң көп окулган жаңылыктар