17:43
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Эрдоган француз өндүрүшүндөгү товарларга бойкот жарыялоого чакырды

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жарандарын француз өндүрүшүндөгү товарларга бойкот жарыялоого чакырды.

Күн мурун Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкө светтик мамлекеттин баалуулуктарын коргоону жана радикал исламга каршы күрөштү уланта бере турганын билдирген. Жооп катары Эрдоган мамлекеттин баалуулуктарын радикал исламчылардан коргоо тууралуу француз президентинин сөздөрүн катуу сындаган. Өз кезегинде Макрон кеңешүү үчүн Анкарадан Франциянын элчисин чакыртып алган.

«Би-Би-Си» исламда Мухаммед пайгамбардын сүрөтүн тартууга тыюу салынганын, мусулмандардын көбү мындай аракеттерди динди кемсинтүү катары кабыл алышарын жазды. Ошол эле маалда макалада Франция светтик мамлекет экени жана бул француздардын улуттук иденттүүлүгүнүн борбордук принциптеринин бири экени белгиленген.

16-октябрда Париждин жака белинде 47 жаштагы тарых жана география мугалими Самюэль Пати өлтүрүлгөн. Француз бийлиги аны Абдулла аттуу 18 жаштагы чечен качкын мууздап кеткенин билдирген. Андан бир нече күн мурда мугалим сабакта сөз эркиндиги туралуу кеп кылып, класстагы окуучуларга Charlie Hebdo журналы жасаган Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар