04:43
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«РИА Новости»: Кыргызстан Канттагы орус авиабазасын кеңейтүүгө даяр

Эгер Москвадан же Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунан (ЖККУ) сунуш түшсө Кыргызстан Канттагы орус аскердик авиабазасын кеңейтүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев айтканын «РИА Новости» агенттиги жазды.

«Канттагы базаны сактоо боюнча биз бекем позициядабыз. Мурда кол коюлган макулдашууларды кайрадан карап чыгуу деген болбойт», — деген Казакбаев агенттиктеги маегинде.

Өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да 14-сентябрдагы басма сөз жыйынында авиабаза тууралуу келишим өзгөртүлбөй турганын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар