06:54
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Кант шаарындагы Орусиялык авиабазада иштеген аскер кызматкеринин сөөгү табылды

Чүй облусуна караштуу Кант шаарында Орусиялык авиабазада иштеген аскер кызматкери Владимир Щеблановдун сөөгү табылды. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине «Кант» ЖККУ авиабазасынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Владимир Щеблановдун сөөгү ижарага алган батиринен табылган.

Saratovnews орусиялык гезиттин маалыматына ылайык, Владимир Щебланов акыркы бир канча жыл Кант шаарында Орусиялык авиабазада иштеген.

Эң көп окулган жаңылыктар