10:09
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Россия Кыргызстандын түштүгүнө авиабаза ачуудан баш тартты

Россия Кыргызстандын түштүк аймагында авиабазанын филиалын ачуу оюунан баш тартты. Бул тууралуу эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсейит Кедеев билдирди.

Депутат Закир Шапаров Баткен облусунда «Кант» авиабазасынын филиалын ачууну сунуш кылды.

«Кантта жакшы шарт түзүлгөн, Баткенде авиабазанын филиалын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу керек», — дейт депутат Закир Шапаров.

«Россия базаны Кызыл-Кыяда ачууну пландаган, бирок кийин бул ойдон кайтышты», — деп билдирди Нурсейит Кедеев.

Комитет «Кант» авиабазасы боюнча келишимге өзгөртүү киргизүү протоколун колдоого алышты.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума