14:44
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Казакстан аба каттамы менен келгендерди ПЦР-тестсиз киргизбейт

26-октябрдан баштап аба каттамы менен келген жарандар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү зарыл. Бул тууралуу Казакстандын башкы санитардык дарыгери Садвакаа Байгабуловдун билдирүүсүно шилтеме жасап Informburo.kz маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, Казакстан мындан ары COVID-19 вирусун жуктурбаганын тастыктаган тести жок жарандарды өз аймагына киргизбейт. Бул шарт өздөрүнүн жарандарына дагы тиешелүү.

«26-октябрдан тарта авиакаттамдар менен келген ар бир адам ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү зарыл. Ансыз жүргүнчү бортко киргизилбейт. Тесттин жыйынтыгы жок адамды алып келген авиакомпания ири суммадагы айыпка жыгылат», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул шарттын беш жашка чейинки балдарга тиешеси жок экени кошумчаланды.

Эң көп окулган жаңылыктар