Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров премьер-министр Садыр Жапаровдун кеңешчиси болду. Бул тууралуу ал өзү билдирди.
Акылбек Жапаров экс-өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин дагы кеңешчиси болгон.
«Абылгазиев мени укканга отставкага кетпейт эле. Президент Жээнбековду дагы үч жыл ичинде иштен кетишине жеткирбейт эле. Садыр Жапаров мени угам деп жатат», — деди ал.
Өкмөт башчысынын кеңешчиси бекер иштейт.