01:09
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Сооронбай Жээнбековду колдоо митинги өтпөй калды

Сооронбай Жээнбековду колдоо митинги өтпөй калды. Бул тууралуу жигерчилер билдирди.

Алардын айтымында, митинг катышуучулары кагылышуу болуп кетиши мүмкүн деп кооптонууда. Мындан тышкары ордо калаабызда өзгөчө кырдаал киргизилгенин айтышты.

«Митинг уюштуруучулары болгону чогулуп, президенттин жөн гана узатышмак. Бирок өзгөчө кырдаал киргизилгендиктен, митинг уюштурууга тыюу салынган, мындан тышкары акция убагында ар түрдү чагымчылык чыгып кетеби деп кооптонуп жатабыз», — дешти активистер.

Эске салсак, бүгүн Жеңиш сейил багында Сооронбай Жээнбековду колдогон митинг өтмөк.

Эң көп окулган жаңылыктар