13:20
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

БУУ: Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү конституциялык бийликтин өкүлү

БУУ жалгыз гана Сооронбай Жээнбековду легитимдүү президент жана өлкөдөгү конституциялык бийликтин өкүлү катары тааныйт. Борбордук Азия боюнча БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү, Борбордук Азия үчүн алдын алуучу дипломатия боюнча БУУнун Регионалдык борборунун (БААДРБ) башчысы Наталья Герман билдирди.

Ал тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Наталья Герман президент укуктук талаанын алкагында жана бардык саясий күчтөрдүн, калктын калың катмарынын, анын ичинде жарандык коомдор менен жаштардын колдоосунда мамлекет үчүн ишенимдүү чечим табаарына үмүт артарын белгиледи.

«2020-жылдын 6 жана 9-октябрындагы өзүнүн билдирүүсүндө Башкы катчы конституциялык процесстин алкагында, анын ичинде жаңы парламенттик шайлоону уюштурууда кризистик кырдаалдан чыгуу жана тездик менен өлкөнүн экономикасын турукташтыруу боюнча чечимдерди табууга көмөк көрсөтүүгө БУУ даяр экенин айтты», — дейт ал.


Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби