12:56
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкектин коменданты өзгөчө абал тартибин узартууну сунуштайт

Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев өзгөчө абал тартибин узартууну сунуштайт. Бул тууралуу ал бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда билдирди.

Алмазбек Орозалиев борбор калаада өзгөчө абал киргизилгенден тартып кылмыштуулук менен укук бузуулардын саны кескин кыскарганына токтолду.

Ал коомдук-саясий кырдаалды мындан ары турукташтыруу үчүн борбор шаарынын аймагында өзгөчө абал режимин узартуу маселесин кароону сунуш кылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби