14:13
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажикстанда президенттик шайлоо өттү

Жекшемби, 11-октябрда Тажикстанда президенттик шайлоо өттү. Өлкө боюнча шайлоо тилкелери саат 6:00дө ачылып, 20:00дө жабылды.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00гө карата шайлоочулардын 70,7 пайызы добуш берген. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирген. Мыйзамга ылайык, тизмедеги шайлоочулардын 50 пайыздан көбү добуш бергенде шайлоо өттү деп эсептелет.

Тажикстан Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, өлкөдө 4 900 545 адам добуш берүү укугуна ээ. Алардын бир бөлүгү Орусияда жана Казакстанда миграцияда жүрөт.

Тажикстанда 3 375, чет өлкөлөрдө 39 шайлоо тилкеси уюштурулган. Президенттик шайлоонун жүрүшүнө дүйнөнүн беш өлкөсүнөн, алты эл аралык уюмдан, сегиз элчиликтен келген 145 байкоочу көз салып турду. Алардын арасында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун 7 байкоочусу бар.

Президенттикке беш талапкер ат салышты:

1.Коммунисттик партиядан Абдуллоев Миродж (биринчи жолу катышууда)

2.Социалисттик партиядан Гаффорзода Абдухалим (үчүнчү жолу катышууда)

3. Агрардык партиядан Латифзода Рустам (биринчи жолу катышууда)

4. Экономикалык реформа партиясынан Рахматзода Рустам (биринчи жолу катышууда)

5. Элдик демократиялык партиядан Эмомали Рахмон (бешинчи жолу катышууда).

Эмомали Рахмон 1994-жылдан бери өткөн шайлоолордун баарында жеңишке жеткен. 2016-жылы 4-февралда Тажикстандын Жогорку соту Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү мыйзамдуу деп тапкан. Ага ылайык, президент Эмомали Рахмон шайлоого чектөөсүз катышууга укук алган.

Өзүн оппозиция катары тааныштырган Социал-демократиялык партия бул шайлоого бойкот жарыялаган.

Чет өлкөлөрдө жүргөн оппозиция өкүлдөрү президенттик шайлоону «мыйзамсыз» деп аташып, эл аралык уюмдарды анын жыйынтыгын тааныбоого үндөштү.

Эң көп окулган жаңылыктар