08:56
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Канат Аманкулов: Элдин татыктуу жашоосу үчүн партиябыз баардык аракетин жасайт

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү — жаратман жана бир пикирде. Партиялаштарды тек-жайына карабай жалпы бир түшүнүк — Кыргызстанда кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантабыз деген ой бириктирди.

«Мекеним Кыргызстан» саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Канат Аманкулов.

— «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы мыкты түзүлгөн, себеби анда социалдык саясатты өнүктүрүү үчүн жакшы шарттар камтылган. Ошондон улам партиянын жеңип чыгарына толук ишенем.

Пандемия көптөгөн адамдардын көз карашын өзгөрттү. Коомубуз, анын ичинде элибиз, ошондой эле жаштар, дарыгерлер, мугалимдерибиз пандемия учурунда биримдиктин эң мыкты үлгүсүн көрсөтө алды. Элибиз жакшы жашоого татыктуу. Бул үчүн партиянын мүчөлөрү колдон келген бардык аракеттерин жасайт деп ишенем. Биз, депутаттыкка талапкерлигин коюп жаткандар жеңишке жетип калсак, жеке милдетибизди сезе билип, элибиз берген тапшырманы так аткарууга милдеттүү экендигибизди эсибизден чыгарбашыбыз керек.

Жаштарыбыздын «улуулардын тажрыйбасы — жаштардын энергиясы» деген урааны, биримдиги партиябыздын тренддеринин бири болуп саналат. Элибизде бекеринен «көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет» деп айтылбаса керек. Биздин партия жеке максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон аянт эмес, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн аракеттенүүчү талапташтардын союзу экендигин калың элге далилдеп берүүбүз абзел, — деди.

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар